Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Калкты тейлөөчү кошумча борборлор ачылат


Бүгүн өлкө боюнча 14 калкты тейлөө борборунун имараттарын оңдоо-түзөө үчүн Бишкекте тендер уюштурулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызпочтасы” ишканасынын башкы директору Айдар Мокенов билдирди.

Буга чейин премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкөнүн бардык аймактарында 50 калкты тейлөө борборун ачууну тапшырган. Бул ишти аткаруу Мамлекеттик каттоо кызматы менен “Кыргыз почтасы” ишканасына тапшырылган. Ага ылайык, бул тейлөө борборлор “Кыргыз почтасы” ишканасынын имараттарында ачылаары белгилүү болгон. Буга чейин мындай 36 борбордун имаратын оңдоп-түзөө үчүн тендерлер өткөрүлгөн. Эми бүгүн 15 борбордун имаратын оңдоп-түзөй турган курулуш компаниялары ачык тендер негизинде аныкталат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кошумча калкты тейлөө борборлорун уюштурууга бюджеттен 50 миллион сом бөлүнгөн жана 20-августта ачылат.

Былтыр декабрь айында паспорт үстөлдөрү жоюлуп, анын ордуна калкты тейлөө боюнча бирдиктүү борборлор ачылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG