Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Прокуратура: 81 аткаминер кирешеси боюнча жалган маалымат берген


Башкы прокуратура саясий жана башка мамлекеттик жогорку кызматта иштеген аткаминерлердин жана алардын жакындарынын мүлкү, кирешеси тууралуу берген маалыматтын текшерүүдө. Ага ылайык, 81 аткаминер үй-мүлкү, иштеп тапкан кирешиси тууралуу жалган, толук эмес маалымат берген. Алардын арасында айрым министрлер, мамлекеттик мекемелердин башчылары жана алардын орун басарлары, губернаторлор, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери бар.

Ушул жылдын март айында өлкө жетекчилеринин кирешеси тууралуу декларация жарыяланган. Анда эң кедейи премьер-министр Өмүрбек Бабанов болуп чыккан. Декларацияга ылайык, өкмөт башчынын унаасы да, үйү да жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG