Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Олимпия оюндарында британдар биринчи медалдуу болду


Жекшемби күнү шоссе жолдо 140 чакырымга жарышта британ велосипедисти Элизабет Армитстед экинчи келип, өлкөсүнө алгачкы медалды алып берди.

Алтын медалды нидерландиялык Мараин Бос алды.
Грузиялык дзюдочу Лэша Шавдатуашвили 66 кило салмактагы балбандар арасында Олимпиаданын чемпиондугун утту.

Казакстандык чоюн көтөрчү балбан 53 кило салмактагы Зулфия Чиншанло алтын медал утту. Ал 131 кило штанганы түртүп көтөрүп, дүйнөлүк рекорд койду. Жулкуп, 93 кг чоюн көтөрдү. Жалпысынан 226 кг. көтөрүп, олимпиада рекордун жасады. Биринчи алтын медалды Казакстан үчүн велосипедчи Александр Винокуров уткан.

Азыр эң көп медаль алган өлкөлөрдүн тизмесин Кытай, АКШ, Италия баштайт. Кыргызстандыктар - оор атлет Бекзат Осмоналиев кечээ жана 10 метрге мылтыктан бута атуучу Руслан Исмаилов бүгүн алгачкы сыноолордо эле мелдештен чыгып калышты. Бирок Исмаилов 50 метрге бута атууга катышат. Бүгүн жел кайыкчы Илья Игнатьев мелдешке чыгат.

XS
SM
MD
LG