Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Ун импортуна киргизилген бажы төлөмү алынды


Мындай токтомго дүйшөмбүдө өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим буудайдын баасынын дүйнөлүк базарда көтөрүлүп жатканы жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, өлкөдө ун тартыштыгына жол бербөө үчүн кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш ушул жылдын 25-апрелинде сырттан ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу бажы алымынын ставкасын белгилөө боюнча өкмөттүн токтом долбооруна макулдук берген. Анда “товар өндүрүүчүлөр унга бааны негизсиз көтөрсө, токтомду жокко чыгаруу боюнча чара көрүү керек” деген жагдай эске алынган болчу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы апталарда республикада ундун жана нандын баасы кескин көтөрүлүп кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG