Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

АКШ дүйнөдөгү дин эркиндиги боюнча жаңы баяндамасын жарыялады


Анда “дагы эле диндерге толеранттуулуктун жоктугу башкы проблема” катары аталды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2011-жылдагы диний эркиндик боюнча отчетунда Бахрейн, Ирак жана Орусия өңдүү мамлекеттерде өкмөттөр “зоордукчул экстремисттик топтор” деп эсептегендерге диний эркиндикти чектей турган аракеттер менен жооп кайтарышканы айтылат.

Былтыр дүйнө боюнча өкмөттөр адамдарды “динге же ыйыктарга акаарат келтирген”, “динин алмаштырган” деген өңдүү айыптар менен көбүрөөк күнөөлөшкөнү айтылды.

Диний эркиндикти мурдатан эле такай чектеп келаткан мамлекеттердин катарында Кытай, Иран, Түндүк Корея, ошондой эле, Сауд Арапстан аталышты.

Баяндамада, аңдан сырткары, ааламда “антисемитизм күчөп, майда диний азчылыктарга, алардын ичинде ахмадийлерге, бахаилерге, бутпарастар менен уйгур мусулмандарына каршы чабуулдар күчөгөнү белгиленди.

XS
SM
MD
LG