Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Лондон-2012: Швейцариялык футболчу Твиттердеги расисттик сөзү үчүн мелдештен четтетилди


Швейцариялык команданын тренердик штабынын башчысынын айтымында, Швейцария Түштүк Кореянын командасына 1:2 эсебинде утулуп калгандан кийинки Мишел Морганелланын билдирүүсү кореялык командага, жалпы эле корей элине акаарат келтиргидей маанайда жазылган. Футболчу Морганелла "Твиттердеги" ал билдирүүсүн өчүрүп, ката кетиргенин моюнга алуу менен кечирим сурады.

Ошентип, быйылкы Олимпиадада оюндан четтетилген спортчулардын саны эки адамга жетти, алар экөө тең "Твиттер" социалдык түйүнүндөгү расиссттик билдирүүлөрү үчүн айдалышты. Буга чейин Грециянын Олимп комитети жеңил атлетчи Воула Папахристоуну ушул сайтта африкалык иммигранттарды мазактаганы үчүн катардан чыгарып салган.

XS
SM
MD
LG