Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

ИИМ: Жарым жылда кылмыштардын бетин ачуу жакшырды


Ички иштер министрлигинин бүгүнкү жыйынында айтылгандай, Кыргызстанда жарым жыл ичинде 9 миң 609 кылмыш иштин бети ачылды. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 5 пайызга көптүк кылат. Мындан тышкары жыл башынан бери коррупция боюнча 311 кылмыш катталып, чыгымдар 46 миллион сомдон ашты. Алардын 31 миллион сому кайра кайтарылды. Жемкордук, экономикалык кылмыштар боюнча жүзгө чукул мамлекеттик кызматкерлер кармалды.

Жарым жыл ичинде 4 тонна 187 килограмм маңзат алынып, алар боюнча 901 кылмыш иши ачылды. Ошондой эле алты айда уюшма кылмыштуу топтордун 105 мүчөсү колго түшүрүлдү. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG