Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Кыргыз-тажик чегиндеги бир өткөрмө бекетке чектөө киргизилди


Бүгүндөн тарта кыргыз-тажик чек арасындагы “Кызыл-Арт” (Тажикстан) – “Бор-Дөбө” (Кыргызстан) өткөрмө бекетинен үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул чектөө коопсуздукту камсыздоо максатында Тажикстандын демилгеси менен киргизилип жатканын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган өткөрмө бекеттен Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары эч чектөөсүз өтө алышат. Ал эми «Кызыл-Бел» (Кыргызстан) – «Гүлистон» (Тажикистан) жана «Кулунду» (Кыргызстан) - «Овчу-Калача» (Таджикистан) эл аралык өткөрмө бекеттери мурдагы тартипте эле иштеп жатат.

21-июлда Тажикстандын Тоолу Бадахшан автоном облусунун коопсуздук кызматынын башчысы, генерал Абдулло Назаров өлтүрүлгөн соң аймакта атайын операция башталган. Анда 17 жоокер, 30 согушчан өлгөнү маалымдалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG