Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Ошто насыясын төлөй албагандар митингге чыкты


Ош шаарынын борбордук аянтында микрокредиттик компаниялардан насыя алып, төлөй албай калган 50-60ка чукул адам митингге чыкты. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, алар аянтка боз үй тигишип, айрымдары кредиттерин төлөй албай, турак-жайларынан айрылышканын айтышууда. Мындан улам кредиттерин үстөгү менен жоюп берүүнү бийликтен талап кылышууда.

Чогулгандар менен облустук бийликтен өкүлдөр жана Улуттук банктын Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери сүйлөшүп жатышат. Алар үстөк пайыз жоюлганы менен кредиттин өзү төлөнүшү зарылдыгын билдиришти. Митингчилер талаптары аткарылбаса, банктар менен микрокредиттик компаниялардын имараттарын өрттөйбүз деп жатышат. (ErN/KKs)

XS
SM
MD
LG