Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ак-Сууда кара тумоону токтотууга каражат жок


Ак-Суу районунда кара тумоону токтотууга каражат жетишпей жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Караколдогу карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Маймулов билдирди. Маймуловдун айтымында, каражаттын жоктугунан кара тумоону токтотууга эч кандай чара көрүлө элек. Маалыматка ылайык, Ак-Суудагы Көчү жана Эчкили-Таш аймактарындагы тургундар кара тумоого кабылды делген суурлардын өлүктөрүн таап жатышат.

Июль айынын башында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек коктусундагы суур жана башка жаныбарлардан кара тумоо илдети табылган. Тез жайылуучу өтө оор, жугуштуу илдет саналган кара тумоодон адамзаттын тарыхында миллиондогон киши каза болгон. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG