Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Пианист Азамат Сыдыковдун концерти өтөт


Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылыганов атындагы улуттук филармонияда “Мекендештер” форумунун алкагында кыргызстандык пианист Азамат Сыдыковдун концерти өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мекендештер” форумунун уюштуруу комитетинин кабарлашты.

Дүйнөлүк атактуу классикалык чыгармалар аткарыла турган концертке теги кыргызстандык, учурда Австрияда жашап жүргөн скрипкачы Райкан Айзенхауттун да катышары күтүлүүдө. Концерт акысыз болот.

Азамат Сыдыков Орусияда билим алып, эмгектенип жүргөн кыргызстандык белгилүү пианист. Ал азыр Нью-Йорктогу белгилүү Mannes College of Music консерваториясында билим алып жатат.

“Мекендештер” форуму 2-августта Бишкекте өткөнү жатат. Форумду "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштурууда.

Уюштуруучулардын айтымында, форумга улутуна карабай Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкусу келген дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы мекендештер, ийгиликке жетишкен, мекенине жардам берүүнү көздөгөн адамдар катышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG