Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Сууда сүзүүчү Фелпс 48 жыл илгери коюлган рекордду жаңыртты


Америкалык сууда сүзүүчү Майкл Фелпс 48 жыл илгери коюлган рекордду жаңыртып, Олимпиадада 19-медалды утуп алды. Буга чейинки рекорд советтик гимнаст Лариса Латынинага таандык эле. Фелпс бардыгы болуп Олимпиадаларда 15 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңди. АКШ жалпы медалдардын саны боюнча Кытай менен тең келатат. Бирок кытайлыктар 23 медалдын ичинен 13 алтын тагынса, америкалыктар азырынча 9 алтынга гана ээ болушту.

Казакстан болсо 3-алтын медаль жеңип, 6-орунга көтөрүлдү. Маяй Манеза оор атлетчилердин 63 килограмм салмак категориясында 135 килограмм штанга көтөрүп, жаңы Олмипиада рекордун койду.
XS
SM
MD
LG