Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

ИИМ: Эки күндө 200дөй курал-жарак алынды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашкандай, 26-28-июлда аймактарда жүргүзүлгөн “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө калктан 200гө чукул курал-жарак алынды. Жалпысынан 200дөн ашык уюм, 2 миңдей диний мекеме жана жеке турак-үй, коомдук жайлар текшерүүгө алынды.

Расмий маалыматка ылайык, текшерүү иштери маал-маалы менен жүргүзүлгөнүнө карабастан 2010-жылкы кандуу окуялардан кийин элдин колунда дале болсо курал-жарак кала берүүдө. ИИМ жарандар өз эрки менен курал тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын эскертет.

“Арсенал” операциясына 3 миңден ашык милиция кызматкери катышып, 238 кылмыш иштин бети ачылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG