Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

Ысык-Көлдө машыгып жүргөн спорт чебери каза болду

Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатында спортчулар менен чогуу машыгып жүргөн эркин күрөш боюнча спорт чебери, 23 жаштагы Расул Акыбаев каза болду. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун бүгүн “Азаттыкка” тастыкташынча, балбан 29-июлдун кечинде кадимкидей жатып, эртеси ойгонбой калган. Соттук-медициналык экспертиза спортчунун денесине ашыкча физикалык күч келип, жүрөгү иштебей калганын аныктады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Ысык-Көлдө машыгып жүргөн спортчулардын арасында Лондон олимпиадасына бара турган Магомед Мусаев да бар. (KKs)
XS
SM
MD
LG