Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Электр тарифтери келерки жылы көтөрүлүшү мүмкүн


Электр энергиясынын баасы 2013-жылдын апрель айынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаменттин башчысы Миргүл Айдарова билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик тарифтер канчага көтөрүлөрү боюнча эсеп-кысаптарды жүргүзүп жатат. Бул боюнча атайын сунуш алгач өкмөткө, андан соң парламентке жөнөтүлмөкчү. Бааны көтөрүү аракети эскилиги жеткен жабдыктарды оңдоп, түзөө максатын көздөйт. Буга чейин Дүйнөлүк банк Кыргызстанда электр тарифтерин көтөрүү зарылчылыгы бар экенин билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG