Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Олимпиада: ооган спортчу кыз мелдештен чыгып калды


Лондондо Жайкы олимпиада оюндары уланууда. 100 метрге чуркоодо маарага акыркы келген ооган спортчусу Тахмина Кохистани айым мелдештен чыгып калды. Бирок буга чейинки мелдештердегиден ылдам чуркады жана күйөрмандарга башын ийип таазим кылды. 23 жаштагы Тахмина "мелдешке катышуум миңдеген ооган кыз-келиндердин спортко кызыгуусуна түрткү болот" деп эсептейт.

Олимпиадага катышкан брунейлик биринчи аял Мазия Маусин 400 метрге чуркоодо улуттук рекорд койду. Мазия ханым мелдештен соң “өз мекендештерине дем бергиси” келгенин айтты.

Вождан Шахрхани Олимпиадага катышкан саудиялык биринчи аял болду. 16 жаштагы дзюдочу кыз 78 килограммда күрөшүп, тез эле жеңилип калды.

XS
SM
MD
LG