Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Лондон-2012: Кыргызстандык үч спортчу мелдешке чыгат


Бүгүн Лондондо грек-рим күрөшү боюнча 74 килограмм салмактагы Данияр Көбөнов, 55 килограммдык Арсен Эралиев мелдешке чыгып, аялдардын марафонуна Юлия Андреева катышат. Лондон олимпиадасынын расмий сайты маалымдагандай, Данияр Көбөнов алгач армениялык Арсен Жулфалакян менен күрөшсө, Арсен Эралиевдин биринчи атаандашы ирандык балбан болмокчу.

Кыргызстандык Юлия Андреева катышкан аялдар марафону Бишкек убактысы боюнча саат күндүзгү төрттө болот. Балбандар болсо кечки алтыдан кийин мелдешке чыгат. Кыргызстандын олимпиада комитети эки балбан Лондон олимпиадасында ийгилик жаратаарына үмүт артып келет. Азырынча кыргыз спортчуларынын эч бири медалга ээ боло элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG