Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

“Кристалл” ишканасын сатуу маселеси сүйлөшүлүүдө


Жалал-Абаддагы кремний иштетүүчү “Кристалл” ишканасын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменттин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, австриялык инвестор каржылаган Riche.kg компаниясы “Кристалл” ишканасын сатып алууга, ишти кайра жандантуу үчүн 300 миллион доллардан ашык каражат салууга даярдыгын билдирүүдө.

«Кристалл» ишканасы 7-апрелге чейинки 420 млн. сом карызы үчүн мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан банкрот деп жарыяланган. Ишканага ээлик кылган казакстандык компания буга каршылыгын билдирип, сотко кайрылган. Сот да компаниянын банкрот деп жарыялоого макул болгон. Мамлекеттин үлүшү жок бул заводдун наркы 6 млн. АКШ долларына бааланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG