Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Жаңы-Өзөн окуясы боюнча өкүм күчүндө калды


Мангистау облустук соту соттолгондордун доо арызын канааттандырган жок. Буга чейин жети жылга кесилген Жаңы-Өзөн мунайчыларынын активисти Роза Тулетаеванын гана жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылды.

“Калган соттолуучулар боюнча мурдагы инстанциянын өкүмү күчүндө калды”, - деди “Азаттыкка” соттолгон Марат Косбармаковдун жубайы Айнура Тулепова.

Өткөн жылы Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында бийликке нааразы болгон мунайчылардын каршылык акциясынан кийин 13 киши камалып, үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылган. Дагы 24 киши мунапыс алып, шарттуу түрдө кесилген.

XS
SM
MD
LG