Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Майлуу-Суунун айрым көчөлөрүн сел каптады


Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын айрым көчөлөрүн кечээ кечинде жааган жаандан кийин сел каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Ленин, Кыргыз, Спутник, Тайгараев көчөлөрүнөн сел келип, Аркабаев көчөсүндө үч үйдүн жер төлөсүнө суу кирген, машиналардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан.

Учурда Майлуу-Суу шаардык жарандык коргоо комиссиясы кырсыктын кесепеттери боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жол каттам ачык. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG