Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Поп-жылдыз Мадонна: Pussy Riot тобун айыптоо - акыйкатсыздык


Москванын Хамовнич райондук сотунда Pussy Riot панк тобунун үч кызынын үстүнөн сот иши бүгүн да уланууда. Сотто коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Эгерде сот аларды Христос куткаруучунун чиркөөсүндө ибадатты бузганга аракет кылган ээнбаштыгы үчүн күнөөлүү деп тапса, алар жети жылга чейин түрмөгө кесилет. Бул панк-рок музыкалык тобунун ырчы кыздары чиркөөгө кирип, президент Владимир Путиндин бийлигине каршы ырдашкан жана муну “панк ибадаты” деп аташкан, бирок мунун менен алар эч кандай мыйзамды бузушпаганын айтышууда.

Соттолуп жаткандар өздөрүнүн аракети “этикалык катачылык” гана болгонун моюнга алышты, бирок муну менен алар динге эмес, саясатка гана каршы экендиктерин көрсөтүшкөнүн билдиришүүдө. Бул аралыкта топтун кыздарын колдоп, дүйнөдөгү атактуу рок ырчылары президент Владимир Путинге да кайрылуу жолдоп, кыздарга саясий кысымды токтотууга чакырышкан.

Бүгүн америкалык атактуу поп-жылдыз Мадонна билдирүү жасап, Pussy Riot тобунун кыздары эркиндикке чыгаарына ишенерин айтты:

- Мен цензурага каршымын, мен ар дайым ойду эркин билдирүүнү колдоп келгем. Албетте Pussy Riot тобунун кыздарына акыйкатсыз мамиле болуп жатат. Эгерде сот аларды жети жылга түрмөгө кессе, бул чоң трагедия болот,-деди ырчы айым Москвадагы концертинин алдында.

XS
SM
MD
LG