Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Мэрия Бишкекти кичи автобустардан арылтканы жатат


Бишкек мэриясы шаарды акырындап маршруткалардан арылтып, автобус каттабаган аймактарга гана калтырууну пландаштырып жатат. Мындан ары жакшы оңдолгон, жылы жаңы кичи автобустарга гана эл ташууга уруксат берилет. Шаар бийлиги буга чейин рейд жүргүзүп, техникалык кароодон өткөн, бирок бир топ кемчиликтери бар унааларды аныктаган. Буга байланыштуу каттамды уюштурган фирмаларга эскертүү берилди.

Шаарда 120 каттам бар, анда 2 миндей кичи автобус эл ташыйт. (EBM)

XS
SM
MD
LG