Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулбайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат катчысы Надыр Момунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кезексиз жыйынга чогулуу боюнча төраганын атына буга чейин кат-кайрылуу келген эмес.

Ал арада парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы 13-августта кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулаганы жатат. Ушул эле маселени Социал-демократтар фракциясынын саясий кеңеши да келерки дүйшөмбү күнү талкуулай турганы маалым болду.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу демилгесин “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Фракциясынын лидеринин кеңешчиси Нурдин Дүйшөнбеков буга чейин бул маселени колдоп 45 депутат кол койгонун билдирген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG