Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Болгарияда 22 килограмм героин колго түштү


Болгариянын бийлиги Босния жана Герцеговинага багытталган 22 килограмм героинди колго түшүрүштү. Болгариянын Бажы агенттиги билдиргенине караганда, маңзат чек ара пунктунда машинени текшерүү учурунда табылган. Героин Стамбулдан Босния жана Герцеговинага жөнөтүлгөн. Анын баасы 1 жарым миллион долларга жетет. Маңзат 23 пакетке салынып, машинанын май куйган жерине катылыптыр. Аны Босниянын 44 жаштагы тургуну айдап бараткан.

XS
SM
MD
LG