Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

АКШ Асаддын режимине каршы санкцияларды күчөтөт


АКШ Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы санкцияларды күчөтүүгө умтулуп жатат. Африка өлкөлөрүн кыдырып жүргөн мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонду коштоп жүргөн расмий өкүлдөрдүн билдиришинче, жаңы санкциялар Асаддын отставкасын тездетүүгө багытталат. Келаткан аптада Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Кофи Аннандын ордуна 78 жаштагы алжир дипломаты Лахдар Брахими дайындалышы мүмкүн.

Ал арада Сириянын Алеппо шаарында кагылышуулар уланууда. Алеппонун Тарик ал-Баб аймагында 10-августта 10 киши, анын ичинде 3 бала мерт болгону кабарланды. "Франс-пресс" агенттигинин кабарчыларынын маалымдашынча, мындан тышкары 20 киши жараат алган.

Укук коргоочулар жана активисттер Жаңы-Алеппо аймагында 19 жаштагы демонстрант жигит набыт болуп, дагы үчөө жараат алганын билдиришти. Өкмөттүк аскерлер “бизди зениттик курал менен жабдыгыла” деген ураандын алдында чыккан акциянын катышуучуларына ок ачышкан.

XS
SM
MD
LG