Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Кадыр түн 14-августтун түнүнө туура келет


Кадыр түн 14-августтан 15-августка караган түнү болот. Мындай маалыматты "Азаттыкка" муфтийдин орун басары Саясат Ажы Асанов билдирди.

- 18-августта орозо бүтөт. 19-август - орозо айт. Айтылып жүргөндөй, ошондон болжол менен 70 күндөн кийин, 26-октябрда курман айт болот.

Кадыр түнгө байланыштуу Кыргызстанда атайын майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Ага чет өлкөлүк конокторго да чакыруу жөнөтүлгөн.

Орозо айынын аягында тосулчу кадыр түндө мусулмандар түн бою уктабай тилектерин айтып, Кудайга дуба кылышат. (AKu)

XS
SM
MD
LG