Жекшембиде Нигериянын түндүгүндөгү Майдугури шаарында өлкөнүн атайын күчтөрү «Боко Харам» исламчыл тобунун 20 согушкерин жок кылганын нигериялык бийликтер билдирет. Операция маалында 1 аскерге ок тийип өлгөн. Өкмөттүк күчтөр исламчылар жайгашкан жерди курчап, аткылоого алганы маалымдалды.
«Нигериялык талиптер» деген каймана ат менен дагы белгилүү “Боко Харам” тобу Нигериянын түндүгүндө шарият мыйзамын киргизүүнү көздөп келет. Бул топтун согушкерлери соңку жылдары ондогон адамдар жапа чеккен бир катар жардырууларды, кол салууларды ишке ашырганы маалым.