Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Египетте президент Жогорку аскерий кеңештин жетекчисин кызматтан кетирди


Жекшембиде президент Мохаммед Мурси Жогорку аскерий кеңештин жетекчиси фельдмаршал Тантави менен Башкы штабдын башчысы генерал Энанды кызматтан алды. Президент мындай чечим тууралуу алардын өзү менен макулдашканын Reuters агенттигине Египеттин аскерий жетекчилигинин өкүлү билдирди.

Жогорку аскерий кеңеш мурдагы президент Хосни Мубарак элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кетип, жаңы президент шайланып өлкө башына келгенге чейин расмий бийлик жүргүзүп турду.

Мохамед Мурси ошондой эле жакында өлкөнүн Баш мыйзамына киргизилген президенттин бийлигин чектеген өзгөртүүлөрдү дагы жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG