Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Атамбаев Шувалов менен энергетика долбоорлорун талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов жана энергетика министри Александр Новак баштаган делегация менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, анда негизинен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадын куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сөз болду. Бул долбоорлор боюнча орток пикир табууга ишеним артылды.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы энергетикалык долбоорлор көптөн бери талкууланып, мунаса табыла элек. Орус тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн орус инвесторлорунун үлүшүн 75 пайызга көтөрүүнү талап кылган. Кыргыз тарап буга ынабай жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG