Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Майлуу-Суу сел калдыктарынан тазаланууда

Селдин калдыктарынан арылуу ишине шаардык мекеме-уюмдардын беш техникасы тартылды. 6-августта жүргөн сел бир нече көчөгө шагыл-кумдарды агызып келип, 3 кожолуктун кошумча курулуштарынын жер төлөлөрүнө суу кирип, 7 кожолуктун короосун сел калдыктары каптаган.

Азыр Майлуу-Сууда жол кыймылы ачык. Селдин кесепеттери 147 миң сомдук зыян келтиргенин калаадагы жарандык коргоо комиссиясы эсептеп чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (YA)
Куржундар
XS
SM
MD
LG