Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Москвада ташталган алты ымыркай алынып келинет


Бүгүн таң менен Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык кыз келиндер таштап кеткен алты ымыркай Бишкекке алынып келинет. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсаловдун билдиришинче, ымыркайлар жакын туугандары табылгыча балдар үйлөрүндө каралат. Жакындары табылбаган наристелер жаңы үй-бүлөгө асыроого берилет.

Ымыркайларды алып келүү үчүн министрликтен жети кызматкер Орусияга барган. Өкмөттүн чечими менен 1 миллион сом бөлүнгөн. Буга чейин Орусиянын шаарларынан бир канча ымыркай Кыргызстанга алынып келинген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG