Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Ноокатта бир тургун банкка карызын төлөй албай жан кыйганы айтылууда


Ноокат районунун Медресе айылынын тургуну Абдукапар Карасаев банктан алган карызын төлөй албай, өз жанын кыйганын “Азаттыкка” микрокредиттик банктан насыя алып, төлөй албай калган жарандардын адвокаты Чынгыз Абдумомунов билдирди. Анын айтымында, 50 жаштагы Карасаев кечээ өзүнүн үйүндө асынып алган. Бул маалыматты маркумдун эжеси Зулфия Латыпова да тастыктап, иниси "банктагы карызымды төлөй албай жатам, эгер жардам бербесеңер жанымды кыям", - деп телефон чалганын, анан көп өтпөй эле ушул иш болуп кеткенин кошумчалады.

Мындай маалыматты Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнөн да тасыкташып, азыр иликтөө иштери башталганын билдиришти.

Жаз айларынан бери банктагы карыздарын төлөй албай жүргөндөр пайыздарды кыскартууну талап кылышып, бир канча жолу нааразылык акциясына чыгышкан. Өткөн жумада жүздөн ашуун киши ушул эле талап менен Ош, Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларында, Өзгөн, Кара-Кулжа, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунун борборуна нааразылыкка чыгып, боз үй тигишкен. Азыр деле боз үйлөр тигилүү турат. (SE)

XS
SM
MD
LG