Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Түлеев тергөө абагынан чыга элек


Жогорку Соттун бүгүнкү чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн Нариман Түлеев Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан чыгарылбай жатат. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Султан Баратов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр Түлеевдин бошотулушун талап кылып, анын жактоочулары менен жакындары УКМКнын Бишкектеги имаратынын алдында топтолуп турушат.

Султан Баратов соттун чечими УКМКга бүгүн саат төрттө берилгенин, мыйзам боюнча Түлеев дароо үй камагына чыгарылышы керектигин айтууда. Бул боюнча УКМК түшүндүрмө бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG