Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

“Дастандын” акциялары сатыкка коюлат


“Дастан” ишканасынын акциялары бардык кызыкдар инвесторлор үчүн сатыкка коюлат. Мындай макулдашууга Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов жетектеген делегация менен кыргыз тараптын сүйлөшүүсүндө жетишилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы Орусия Кыргызстандын карызын кече турганын кабарлап, бирок буга орус тарап кандай шартта макул болгонун ачык билдирген жок.

Буга чейин Москва кыргыз тараптын советтик доордогу 190 миллион доллар карызын жоюу үчүн “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын талап кылып, бирок кыргыз өкмөтү ага көнбөй келген.

14-15-августта Чолпон-Атада өткөн жолугушуулардын жыйынтыгында Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскады боюнча келишимге 15-сентябрга чейин кол коюлары, каскаддын пайдубалын түптөө ушул жылдын 1-ноябрында өтөөрү маалым болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG