Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Москвада ташталган кыргызстандык ымыркайлар Бишкекке келди


Кыргызстандык ата-энеси Москванын Ымыркайлар үйүнө таштап кеткен алты наристе бүгүн таңга жуук учак менен Бишкекке жеткирилди. Аларды кыргызстандык социалдык кызматкерлер жана дарыгерлер алып келишти. Бул үчүн кыргыз өкмөтү бир миллион сом бөлүп берген. Алтоо тең Бишкектин Ымыркайлар үйүнө жайгаштырылды.

Буга чейин да Москвада ташталган бир нече ымыркай мекенине жеткирилген. Жалпысынан Москванын Ымыркайлар үйүндө элүүгө жакын кыргызстандык наристе багылып жатканы айтылган. Орусияга иштегени кеткен кыргызстандык келиндер бала төрөп таштап кеткен учурлар башка шаарларда да бар деп айтылат. Бирок расмий статистика жок. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG