Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

“Ата Мекен” кендерди сатпай турууга чакырууда


“Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү кезексиз жыйынында августтун соңуна белгиленген 12 кендин аукционун токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Фракция депутаттары өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кендерди сатууда жеке кызыкчылыктарына жол бериши мүмкүн деп эсептешет. Эл өкүлү Райкан Төлөгөнов тоо-кен компанияларына лицензия берүүдө мүчүлүштүктөрдү кетирип жатат деп тармакты тейлеген агенттиктин жетекчилигин сынга алды.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 28-августта Кыргызстандагы 12 алтын, көмүр кени ачык аукционго коюларын кабарлаган. Өкмөт “Ата Мекендин” соңку дооматына жооп кайтара элек. (KJ/KKs)

XS
SM
MD
LG