Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Тимошенконун саясий өнөгү дагы эки жылга кесилди


Юрий Луценко соттогу темир тор ичинде. 17-август, 2012-жыл.
Юрий Луценко соттогу темир тор ичинде. 17-август, 2012-жыл.
Киевдин соту бүгүн Украинанын мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкону анын үстүнөн козголгон экинчи кылмыш иш боюнча эки жылга соттоду.

Сот Луценкону мурдагы президент Виктор Ющенконун 2004-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда ууландырылышы үчүн шектелгендер үстүнөн мыйзамсыз байкоо жүргүзүүгө буйрук бергени үчүн айыптуу деп тапты.

Луценко буга чейин кызматынан кыянат пайдаланган, казынадан акча уурдаган деп айыпталып, төрт жылга кесилген эле.

Украинанын ички иштер министринин кызматын 2007-2010-жылдары аркалаган Юрий Луценко учурда түрмөдө олтурган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун саясий өнөгү. Ал өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып, соттолушунун саясий жүйөөсү бардыгын айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG