Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Pussy Riot тобунун ырчылары эки жылга кесилди


Топтун ырчылары сот залында. Москва, 17-август, 2012.
Топтун ырчылары сот залында. Москва, 17-август, 2012.

Москванын Хамовническ райондук соту 17-августта топтун үч ырчысын ар бирин эки жылдан абакка кести.

Москванын Хамовническ райондук соту үч ырчы: Мария Алёхина, Надежда Толоконникова и Екатерина Самуцевичтин ар бирин жалпы режимдеги колонияга эки жылдан кести.

Анын алдында өкүм чыгарып жаткан судья Марина Сырова Pussy Riot тобунун мүчөлөрү Москвадагы борбордук чиркөөдө ырдаган учурунда: “Диний жек көрүүчүлүк жана кайсыл бир социалдык топту жек көрүүчүлүк жүйөөсү менен бейбаштык кылып, коомдук тартипти одоно бузушкан”,- деп тапкан.
Сүрөтбаян: Ырчы кыздар сот өкүмүнүн алдында



Мурдараак прокурорлор сотто айыпкерлерди үч жылдан абакка кесүүнү суранган.

Ырчылар болсо соттогу көрсөтмөлөрүндө динзарларга шек келтирүүнү көздөбөгөнүн, алар 21-февралда чиркөөдө өткөргөн акция Владимир Путиндин президенттик кызматка кайра баруу чечимине нааразылык билдирүү болгонун айтышкан эле.

Ырчылардын үстүнөн сот иши эл аралык сынга кабылып, Pussy Riot тобун Мадонна өңдүү белгилүү поп жылдыздар коргоп чыгышты. Айыпкерлердин адвокаттары болсо аларды соттон толук актоону өтүнүшкөн. Алардын бири Николай Полозов мындай дейт:

- Биз эң башынан эле биз коргогондор кылмыш жасаган эмес, алардын аракеттеринде кылмыш жок, андыктан мындай шартта жалгыз мыйзамдуу өкүм – актоо деп билдиргенбиз.

ВИДЕО: Pusy Riot тарапкерлерин кармоо

Москва: Pusy Riot тарапкерлерин кармоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00
Түз линк


Жума күнү Pussy Riot тобун коргоо боюнча акциялар Орусия шаарларында, украин борбору Киевде өттү.

Москвада болсо өкүм чыгышына утурлай, сот имараты алдынан Pussy Riot тобунун отуздай жактоочусу, алардын ичинде оппозициячыл саясатчылар Гари Каспаров, Сергей Удальцовдор кармалышкан.

Эл аралык Мунапыс уюму үч ырчыны абийир туткундары деп атоодо.

Сүрөт баян: Сот алдындагы кармоолор

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG