Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Ак-Сууда жоголгон кытай жаранынын сөөгү табылды


17-августта Ак-Суу райоунундагы Каракол капчыгайында 12-августта жоголгон кытайлык Жау Чу Юнун сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук Ички башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

12-августта Каракол капчыгайында үч кытайлык жаран тоого нефрит ташын издеп чыккан. Алардын бири жоголуп кеткенде калган экөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылган.

Жау Чу Юнун сөөгү Аюу-Төр тоосунан табылды. Алдын-ала божомолдорго ылайык, жоголгон адам жардан кулап кеткен.

Аны бир нече күндөн бери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, облустук ИИБинин кызматкерлери, аймактагы кытайлыктар жана жергиликтүү тургундар издешкен. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG