Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Ооганстанда базардагы жардыруудан төрт киши набыт болду


Ооганстандын батышындагы Херат дубанында полиция киши котологон базардагы жардыруудан дагы 12 киши жараат алгандыгын билдирүүдө. Полициянын маалымат катчысы Абдул Раоф Ахмади жардыруу «эл душмандарынын колунан келгендигин» билдирди. Каргаша Шинданд ооданында момун мусулмандар орозо айтка карата азык-түлүк сатып алып жатышканда болду. Жараат алгандардын үчөө - тартип коргоочулар. Апта башында жан кечтилер өздөрүн жардырып, базарда бомба ташталганда да 35 карапайым адам набыт кеткен эле.

XS
SM
MD
LG