Бул тууралуу өткөн жума күнү эки жылдан абакка кесилишкен үч ырчынын адвокаттары билдиришти.
Анткен менен адвокаттардын бири Николай Полозовдун айтымында, алар сот өкүмүн Орусиянын Жогорку жана Конституциялык сотторуна, ага катар Адам укуктары боюнча Европа сотуна апелляцияга берүүгө даярданышууда. Учурда сот өкүмүнүн көчүрмөсүн күтүп жатышат.
Москванын райондук соту үч ырчы кызды Москвадагы борбордук чиркөөдө ырдаган учурунда: “диний жана кайсыл бир социалдык топту жек көрүүчүлүк жүйөөсү менен бейбаштык кылып, коомдук тартипти одоно бузушканы” үчүн айыптуу деп тапты.
Ырчылар болсо алардын 21-февралдагы акциясы Путин президенттик кызматка кайтып келүүсүн нааразылык билдирүү болгонун айтышкан. (UE)