Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Беш адамды атып качты делген чек арачы өлтүрүлдү


Ысык-Көл облусунда беш адамды атып качты делген чек арачы өлтүрүлдү. Бул тууралуу "Азатыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Бүгүн таңга жуук чек арачыны издегени чыккан топ аны Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайынан тапкан. Бирок ал каршылык көрсөткөндүктөн, ошол жерден эле жок кылынганы айтылууда.

Кечээ Эчкили-Таш чек ара бекетинде чек арачы жоокер өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан төрт аскерди жана биринин жубайын атып салганы кабарланган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG