Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Хакерлер Москванын Хамовнич сотунун сайтын бузуп киришти


Хамовнич соту өткөн жума күнү “Пусси Райоттун” үч мүчөсүн Христос куткаруучунун ибадатканасында президент Владимир Путиндин бийликте кала беришине каршы ырдап чыкканы үчүн эки жылга эркинен ажыраткан эле.

Агенттиктердин маалыматында, хакерлер сайттын башкы бетинде жазылган негизги текстти “Пусси Райотко эркиндик” деген ураанга алмаштырышкан. Сайттагы бөлүмдөрдүн аталыштарынын ордуна жаман сөздөр жазылган. Ал эми сайтты ачкан убакта соттолгон топтун ырлары жаңырып турат. Сайтты талкалап киргендиги үчүн жоопкерчиликти Anonymous аттуу эл аралык хакерлер тобу алды. Ушул тапта сайттын иши кайра калыбына келтирилди.

Орусиянын Жогорку Сотунун алдындагы сот департаменти Тергөө комитетин хакердик кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG