Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстан ТИМи Жаныш Бакиев боюнча Беларуска нота жөнөттү


Кыргызстан Беларустун Тышкы иштер министрлигине эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев боюнча нота жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Беларустун “”Чындыкты айт” (“Говори правду”) коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич Жаныш Бакиевди 17-августта Минск шаарындагы кафелердин биринен көрүп калып, уюкфонуна сүрөткө тартып алган. Сүрөттү болсо интернетке жайгаштырган. Ал Интерполдун интернеттеги сайтына атайын кирип, Жаныш Бакиев эл аралык издөөдө жүргөнүн тастыктаган. Пашкевич беларус активисттеир Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча аталган Минскидеги Ички иштер министрлигине кайрылышарын “Азаттыкка” билдирген болчу.

Жаныш Бакиевди кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүү жөнүндө нотаны Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов 21-августта Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкого тапшырды.

Жаныш Бакиевге 2010-жылдын 7-апрелинде чогулгандарга ок атууга буйрук берген жана башка бир топ кылмыш иштери боюнча айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган. (КE)

XS
SM
MD
LG