Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Президент Назарбаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен бүгүн Кыргызстанга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келет. Назарабев баштаган делегациянын курамында Казакстандын тышкы иштер министри Евржан Казыханов, премьер-министрдин биринчи орун басары Серик Ахметов, айыл чарба министри Асылжан Мамытбеков, мамлекеттик “Самрук-Казына” улуттук корунун төрагасы Умирзак Шукеев жана башка расмий жетекчилер бар. Эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, айыл-чарба жана маданий байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Бир катар документтеге кол коюлат.

Кыргызстан-Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери казак президентинин алгачкы мамлекеттик сапары болот.

Назарбаев 23-августта Бишкекте өтө турган түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине катышат.(КЕ)
XS
SM
MD
LG