Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Бишкекте кыргыз-казак жыйыны аяктады


Бишкекте Кыргызстан менен Казакстан президенттеринин жолугушуусу жана андан кийин өткөн жогорку мамлекет аралык кеңештин жыйыны аяктады. Соңунда алты документке кол коюлду. Алар тышкы иштер министрликтеринин кызматташтыгына, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө, радиожыштыктарга байланыштуу макулдашуулар.

Казак тарап Кыргызстандын түштүк аймагына бир жана түндүк аймагына да бир мектеп куруп бермей болду. Эки өлкөнүн инвестициялык фонду жөнүндөгү келишимге өзгөртүү кирди. Атамбаев менен Назарбаев ошондой эле 20 жылдык эки тараптуу кызматташтыкка арналган биргелешкен мааракелик декларацияга кол койду.

Жыйындын соңунда эки президент билдирүү жасады. Алмазбек Атамбаев казак президентинин бул сапары эки өлкөнүн алака-катышындагы жаңы кадам экенин айтып, "кыргыз-казак мамилелери башка деңгээлге чыгып жатат, баардык түйүндүү маселелер боюнча бир пикирге келдик",- деди.

Нурсултан Назарбаев биргелешкен экономикалык долбоорлорго казак тарап 100 миллион доллар бөлгөнүн, июн окуяларынан кийин Кыргызстанга 40 миллион доллар жардам кылганын айтты. Бирок гуманитардык жардамдан өнүгүү болбосун, тынчтыкта жашап, эмгектенүү керек экенин кошумчалады.

Мындан тышкары Казакстан Кыргызстанга 200 миң тонна буудай, кошумча жүз миллион куб метр газ берет деген убада айтылды. Алматы - Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымын тартуу, биргелешип жаңы ГЭСтерди куруу маселеси да талкууланды.

Кыргыз президенти казак ишкерлер курган пансионат жана башка ишканалардын 2008-2009-жылдары рейдерлик жол менен тартылып алынганы боюнча факттар көзөмөлгө алынаарын кошумчалады. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG