Грузия өкмөтү оппозициядагы “Грузия тилеги” коалициясына кирген партиялардын банктагы акчалары тартып алынды деген кабарды калпка чыгарды. Ишемби күнү “Грузия тилеги” коалицияга кошулган бардык алты партиянын банк эсептери жана аларга демөөрчүлөрдөн келген акчалар тоңдурулганын маалымдаган.
Расмий Тбилиси бүгүн тараткан билдирүүдө оппозициячыл партиялардын банктардагы эсептери тартып алынды деген маалымат калп экени, алардын банкт эсептери камакка алынбагыны же тоңдурулбаганы айтылат.
Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Грузия боюнча өкүлү оппозициялык партиялардын банк эсептерин камакка алуу - алардын 1-октябрдагы парламенттик шайлоого тең укуктуу катышуусуна жолтоо болорун шейшемби күнү билдирген.