Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Эчкили-Таштагы окуянын болжолдуу себеби жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара аскерлиги кызматтык териштирүү жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн улам Эчкили-Таштагы окуянын болжолдуу себебин жарыялады. Ага ылайык, ок чыгарган Балбай Кулбарак уулу башка кызматташтары менен жаңжалдашып чатак мамиледе болгон. Учурда тергеп-иликтөө уланып жатат.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу төрт кызматташын жана алардын бирөөсүнүн аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан. (EBM)
XS
SM
MD
LG