Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Бишкекте бал жарманкеси ачылат


“Кыргыз бал челекчилер биримдиги” коомдук бирикмесинен билдиришкендей, бүгүн Бишкекте бал жарманкесинин салтанаттуу ачылышы өтөт. Шаар тургундары жана конкторунун назарына балдын 80ден ашуун түрү сунушталат. Жарманкенин максаты – шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында аны колдонууну жайылтуу. Иш-чара жетим балдарга арналган кайрымдуулук акциясы, өнөрпоздордун кызыктуу оюн-зоогу менен коштолот. Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрынын жанында ачылган жарменке 2-сентябрга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG