Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Орусияда саясий кысымга кабылгандарды колдогон марафон өтөт


Бүгүн Москвадагы ArteFAQ клубунда 6-майдагы Болотная аянтында полиция тарабынан кармалып, алигүнчө бошотулбай жаткан оппозиция жактоочуларын колдогон кайрымдуулук марафону өтөт. Белгилүү маданият ишмерлери катышкан бул иш-чара кечки саат жетиде башталып, таңатканча уланышы мүмкүн. Чогулган каражат “РосУзник” коомдук уюмуна берилет.

6-майда Орусиянын баш калаасында он миңдеген киши бийлик уруксат берген “Миллиондордун маршына” чогулушуп, митинг өтчү жайга өткөрбөй койгон полиция менен кагылышкан. Окуя боюнча ондогон адамдар кармалып, башаламандык кылды деп айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG